Акыйкатчы мамлекеттик органдарды өздүгүн тактоочу документи жок жарандарга жардам берүүгө чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өздүгүн тактаган документин жоготуп жиберип, оор кырдаалдарга туш болуп калган жарандарга тиешелүү мамлекеттик органдарды кайдыгер карабай, тезинен зарыл чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу бүгүн, 13-сентябрда аталган институттан билдиришти.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага 32 жылдан бери Кыргызстанда өздүгүн тактаган документи жок жүргөн 50 жаштагы Г.Ю. аттуу эстониялык жаран кайрылган.

Анын айтымында, Кыргызстанга 1992-жылы СССРдин паспорту менен келип, бир канча убактан кийин документтерин жоготуп жиберген.

Документтерин жоготуп жибергендиктен өз өлкөсүнө кайрылып кете албай калган.

Учурда ал Ысык-Көл облусуна караштуу Кызыл-Суу айылында жашап жатат.

Ал эми Акыйкатчы институтунун кызматкерлери буга байланыштуу Эстониянын Казакстандагы элчилигине кат жөнөтүп, аталган жарандын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып берүүнү өтүнгөн. Ошондой эле алар Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине да кат жолдогон.

Ага ылайык, ТИМ менен биргеликте Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдарына кайрылуу жолдоп, Г.Ю. менен видео байланыш

Ал эми акыйкатчы аярлуу тагдырга туш болгон жарандын тагдыры бардык мамлекеттик органдарды кайдыгер калтырбашы керектигин айтты.

"Эстониянын тиешелүү мамлекеттик органдары тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Жакынкы күндөрү Эстония Г.Юнун туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн берет деп үмүттөнүп жатабыз", - дейт маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан