Бүгүн, 13-сентябрда "Азаттык" сайты УКМКнын "Чаткалда кармалган "Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти" тууралуу маалыматын четке какты.
"Азаттык" радиосу Н.А. аттуу жаран журналист болуп эч качан иштебегенин, атайын кызмат тараткан маалыматта ката кетип калганын билдирет", - деп жазылат анда.
Буга чейин УКМК Жалал-Абад облусунда тоо-кен ишканасынан 200 миң доллар талап кылууга шектелген кылмыштуу топтун үч мүчөсү кармалганын билдирген. Анда кармалгандар Чаткал районунун мурдагы акими Н.А., милициянын мурдагы тергөөчүсү И.Н. жана "Азаттык" радиосунун мурдагы журналисти Н.А. экени айтылган.