Республика боюнча 13,5 миң гектар аянттагы кант кызылчасынан жалпы – 900 миң тонна түшүм күтүлүүдө. Мунун ичинен 110 миң тоннага чейин кумшекер алынып, кыргызстандыктар 92 пайызга камсыздалат. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги бүгүн, 13-сентябрда маалымдады.
Маалымдалгандай, импорттоого чектөө киргизүүнүн азырынча зарылчылыгы жок.
“Орусия, Беларусь, Казакстан мамлекеттеринин базарларында кумшекердин баасынын төмөндөшүнөн республиканын аймагына коңшу мамлекеттерден кумшекерди импорттону токтотуу боюнча маселенин азырынча зарылчылыгы жок. Бирок кант кызылча өстүргөн дыйкан-фермелерди, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо максатында келечекте аталган маселе боюнча кандайдыр бир көйгөй жарала турган болсо кумшекерди импорттону токтотуу боюнча Министрлик тарабынан терең анализдер жүргүзүлүп, чечим кабыл алынат”, - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, Кыргызстанда керектөөчүлөрдү толук камсыздоо үчүн 120 миң тонна кумшекер керектелет.