Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Кыргызстандын жер улак боюнча улуттук курама командасынын оюнчусуна кызматкерлер тарабынан кысым көрсөтүлгөнү тууралуу маалыматка комментарий берди.
Анда кошуна өлкөнүн атайын кызматы алардын кызматкерлери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышпагандыгын айтып, чыгып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин белгиледи.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Казакстандын көкпар боюнча курама командаларынын финалдык оюнунда чыр чыгып, мелдеш үзгүлтүккө учураган. Буга казак оюнчусу кыргыз улакчысын камчы менен чаап жибергени себеп болгон. Жыйынтыгында беттеш улантылып, 5:4 эсебинде Казакстандын жеңиши менен аяктаган.
Андан соң кыргыз курамасынын тийиштүү жетекчилери оюн боюнча өз пикирлерин айтып, коркутуулар да орун алгандыгын билдирген.