Кыргызстандын аймагында 53 мектеп оптималдаштырылат

Өлкө боюнча 53 жалпы билим берүү уюуму оптималдаштырылат.Бул туурасында бүгүн, 13-сентябрда мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, министрликтин “Окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптимизациялоо жөнүндө” буйругу чыкты. Ага жалпысынан 53 жалпы билим берүү уюму кошулат.

  • Ош облусунда – 22;
  • Нарын облусунда – 10;
  • Чүй облусунда – 6;
  • Баткен облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 5;
  • Талас облусунда – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 1.

Кошумчалангандай, 1-ноябрга чейин окуучулардын саны аз жалпы билим берүү уюмдарын оптималдаштыруу иштери жыйынтыкталат. Бул иш райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, облус жетекчилигине, мэр жана айыл өкмөттөргө жүктөлгөн.

Ал эми райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары кыскарган кызматкерлерди жумушк орноштуруу иштерин 1-декабрга чейин жүргүзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан