Бишкек-Ош унаа жолундагы тоннель жарыктандырылды

Бишкек-Ош унаа жолунун 455-чакырымындагы, Таш-Көмүр шаарына жакын жайгашкан төртүнчү тоннелге трансформатор орнотулду. Бул туурасында кечээ, 13-сентябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, прожекторлор алмаштырылып, тоннелдин ичи жарыктандырылып, айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
Жумуштар министрликке караштуу “Өндүрүш-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөндүгү маалыматта кошумчаланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан