Президенттин маалымат катчысы Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга кайрылды

Бүгүн, 14-сентябрда Президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Орусияда эмгектенген Кыргызстандын жарандарына кайрылды.
Ал өз билдирүүсүндө мекенге кайтып келип, өз үй-бүлөсүнүн жанында эмгектенүүнү айтып, бул үчүн жумуш орундар бар экендигин билдирди.
"Россияда тигүү тармагында иштеп жүргөн эже-карындаштар, курулуш тармагында иштеп жүргөн ага-инилер, сиздерди Ата Мекениңерге - Кыргызстанга келип иштөөгө чакырам. Азыркы тапта Кыргызстанда тигүү тармагында да, курулушта да жумушчу күчтөрү жетишпей жатат.
Албетте, сиздерди кызыктырган эмгек акы-маяналар Россияда иштеп тапкан менен бирдей эле болот.
Эң башкысы Ата Мекениңерде, өз үй-бүлөңөрдүн жанында иштеген жакшы эмеспи. Келиңиздер, өз жерибизде иштеңиздер", - деп билдирген.
Ошондой эле жумуш орундарды билүү үчүн байланыш номурларын да калттырган. Сурап билүү телефондору: 1899 (Кыргызстан ичиндеги чалууларга); 0559189900 WhatsApp.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан