Ош шаарында “Коопсуз шаар” долбоору ишке кирип, атайын аппараттар жол эрежесин бузуу фактыларын автоматтык түрдө сүрөткө, видеого тартып алып, айып пул салынат. Бул туурасында бүгүн, 14-сентябрда мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, долбоор 16-сентябрь күнү толук кандуу ишке кирет.
- Кесилиштерге орнотулган камера бузуунун төмөнкү түрлөрү боюнча аныктайт:
- Ылдамдыкты ашырууда;
- Маршруттук унаалар жүрүүчү тилкеге жеңил унаа кирген учурда;
- Каршы жол тилкесине чыгууда;
- Коопсуздук курун тагынбаганда;
- Жөө жүргүнчүлөргө жол берилбегенде;
- Жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бурулганда;
- Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерде токтогондо;
- Жол белгилерине маани берилбеген учурда;
- “Стоп” сызыгына чейин токтоткон учурда жана жол кыймылынын эрежелерин сактабаганда;
- Тротуарга унааны токтоткондо.
“Жол эрежесин бузгандарга карата бир айдын ичинде айып пулдар расмий түрдө салынып, билдирмелер айдоочулардын дарегине жөнөтүлөт”, - деп айтылат маалыматта.