Чүйдө Таалайбек Кадатаев изделүүдө

Ысык-Көл облусунун тургуну Таалайбек Кадатаев изделүүдө. Ал Жаркынбай айылынан чыгып, Бишкекке иш издеп кеткен боюнча дайынсыз болууда. Акыркы жолу 6-августта Суусамыр өрөөнүндөгү Сулуу-Тор жайлоосуна малчы катары бара жатканынын билдирген.

Чүй ОИББинин маалыматына ылайык милицияга анын жакындары кайрылган. Учурда бул факт каттоого алынып, издөө иштери жүрүүдө.

Белгилери: бою 167 сантиметр, салмагы 70 килограмм;

Кийимдери: кара түстүү спорттук кийим жана башында кара кепка;

Өзгөчө белгилери: чыпалактарында “1975” деген татуировкасы бар.

Эгерди кимдир бирөо көрүп билген болсо милицияга кабар берүү керек. Байланыш үчүн телефондор: 0312 221558, 03133 35184, 0701 203102

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан