Ош шаарында 6 кичи автобустун багыты убактылуу өзгөрөт 

16-сентябрдан тарта Ош шаарындагы айрым кичи автобустук каттамдардын багыттары убактылуу өзгөртүлөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта анын себеби Мамыров көчөсүндөгү жолду оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу экендиги айтылган.

Алар:

№116 кичи автобустук каттамы өзүнө бектилип берилген кыймыл чиймеси менен келип Т.Атабаев, Макаренко, Амир-Темир Р.Абдыкадыров, И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;

№119 кичи автобустук каттамынын азыркы жүрүп жаткан кыймыл чиймеси менен келип Санкт-Петербург, Амир-Тимур, Р.Абдыкадыров И.Саидов, Г.Айтиев көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;

№122 кичи автобустук каттамы Амир-Тимур, Р.Абдыкадыров, Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү менен келип андан ары өздөрүнө бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт;

№127 кичи автобустук каттамы Р.Абдыкадыров көчөсүнөн Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу келип бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт

№146 кичи автобустук каттамы өзөрүнө бекитилген кыймыл чиймеси менен келип Т.Атабаев, Макаренко, А.Мамыров көчөлөрү менен эки багытта жүрөт;

№157 кичи автобустук каттамы Р.Абдыкадыров көчөсүнөн Ш.Руставели, Г.Айтиев көчөлөрү аркылуу келип бекитилген кыймыл чиймеси менен эки багытта жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан