Кыргызстанда этке болгон баа турукташа баштады. Бул тууралуу кечээ, 15-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Белгилей кетсек, акыркы күндөрү базар, соода түйүндөрүндө этке болгон баа жогорулай баштагандыгы байкалган. Ага аталган министрлик түшүндүрмө берген.
Буга байланыштуу Ветеринардык кызматы өз учурунда ыкчам чараларды алып барып, анын жыйынтыгында учурда базарларда этке болгон дүң баалар турукташып жатат.