Ысык-Көл облусунда Барскоон-Тамга унаа жолунун 1,2 чакырымына асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, жол оңдоо иштерин №3 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери аткарышты.
Мындан тышкары Балыкчы-Ананьев-Каракол унаа жолуна экинчи катмар асфальт төшөлүп, толук бүткөн бөлүктөрүндө жол чийиндер чийилип жатат.