"Дөңгөлөктөрү жарылып кеткен". Учкучтар 182 адамдын өмүрүн сактап калышты

Нашвилл эл аралык аэропортунун учуу тилкесинде эки жүргүнчү учагы кагылышып кете жаздады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Федералдык авиация администрациясынын (FAA) маалыматы боюнча, Alaska Airlines 369 рейси Southwest Airlines 2029 рейсине тийип калбаш үчүн тормозду басканда, дөңгөлөктөрү жарылган.

Окуя эртең мененки саат 09:15 чамасында болгон.

Флорида штатынын Жексонвилл шаарына уча турган Southwest Airlines учагы да аба кыймылынын диспетчерлери тарабынан конууга уруксат алган. Окуядан эч ким жабыркаган жок. Ал эми учактагы 176 жүргүнчү жана алты экипаж мүчөсү башка учакка которулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан