Кыргызстан жер улактан четтетилгени боюнча расмий айтыла элек. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев бүгүн, 16-сентябрдагы маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтты.
"Айтып коюшкандыр. Бирок расмий кат түрүндө чечимдер болгон жок. Биз ойлойбуз, ал эмоция менен айтылган сөз деп", - деди ал.
Ошондой эле Жунусалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы жер улак боюнча жаралган чырдан кийин "мындан ары Көкэпар федерациясы менен кызматташа албайбыз" деген сөзү дагы эмоция менен айтылганын кошумчалады.
Буга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башкы калысы Тастанбек Есентаев жер улактан уткан командаларды сыйлоо аземинде Кыргызстандын көкпар боюнча курама командасы Казакстандын гимнине таазим кылбай, медалдарын чечип кетип калганы үчүн спорттон 2-3 жылга четтетүү же айып пулга тартуу каралып жатканын айткан болчу.
Эске салсак, 12-сентябрда Астана шаарында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн жер улак боюнча беттештин финалында кыргыз-казак улакчыларынын ортосунда чыр чыгып, оюн үзгүлтүккө учураган. Беттеш кайра улантылып, жыйынтыгында казак тарап 5:4 эсеби менен жеңип кеткен. Беттештен кийин өлкөнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев билдирүү жасап, "мындан кийин көкпар менен көк бөрүнүн ортосунда келишим болобу, оюн да болобу, белгисиз" деп айткан .