Көк бөрү федерациясынын президенти кыргыз улакчыларынын сыйлоо аземинде кетип калганы боюнча үн катты (видео)

Казакстанда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көкпар боюнча сыйлоо аземинде кыргыз улакчыларынын кетип калышына Көк бөрү федерациясынын тиешеси жок. Бул тууралуу федерация президенти Рамис Жунусалиев бүгүн, 16-сентябрда маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, Көк бөрү федерациясы тарабынан улакчыларга "сыйлоо аземинде медалыңарды чечкиле" деген тапшырма берилген эмес, тескерисинче, федерация адилетсиз оюнга иренжиген улакчыларды сыйлоо аземине араң көндүрүп чыгарган.

"Чыгып койгула, медалыңарды тагынгыла" деп араң чыгардык. Ал эми сыйлоо аземинен кетип калган балдардын жеке өздөрүнүн чечими болду. Федерация тарабынан "медалыңарды тагынбагыла, ошол жактан кетип калгыла" деген эч кандай тапшырма болгон эмес", - деди Жунусалиев.

Ошондой эле ал сый акынын сертификаты берилгени менен, федерациянын эсебине акча түшө электигин кошумчалады.

Эске салсак, 12-сентябрда өлкөнүн жер улак боюнча курама командасы Астана шаарында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынынын көкпар боюнча сыйлоо аземинде моюнуна илинген күмүш медалдарын чечип, пьедесталдан түшүп кетишкен. Анда кыргыз спортчулары жер улактын финалындагы адилетсиз чечимге нааразычылык билдиришкен.

Ал күнкү финал чыр менен коштолуп, жыйынтыгында жеңишти казак тарап алган. Кыргыз улакчыларынын бул кадамына Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары тарабынан реакция жасалып, Кыргызстандын көкпар боюнча курама командасын оюндардан 2-3 жылга четтетүүнү же айып жазага тартууну карап жатышканы айтылган.

16.09.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан