Кыргызстандын долбоору дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгелердин катарына кирди

Ымыркайларды каттоо үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштелип чыккан долбоор эл аралык SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгелердин катарына кирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, долбоор аталган министрлик тарабынан үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Анын максаты - жаңы төрөлгөн балдарды толук документтештирүү.

Эми туулгандыгы тууралуу маалымат түз эле төрөт үйлөрүнөн Санариптик өнүктүрүү министрлигине түшөт. Эгерде 60 күн ичинде ата-энелер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер кабардар болуп, каттоодо жардам беришет.
Учурда 1200 баланын арасынан 600ү документтештирилди, мындай иштер уланууда.

"Кыргызстан “Тынчтык” (Peace) категориясында Польша, Катар, Сауд Арабиясы жана Бразилия долбоорлорун артта калтырып, биринчи орунду ээледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан