Кыргыздын мыкты улакчыларына чет өлкөлөрдөн жарандык сунушталып жатканы айтылды

Башка мамлекеттер мыкты көк бөрүчүлөрүбүзгө жарандык берүүнү сунуштап жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Көк бөрү федерациясынын президенти Рамис Жунусалиев маалымат жыйында айтты.

Анын айтымында, сунуштап жаткан өлкөлөр кийинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында кыргыз улакчылары алардын атынан ойноп берүүсүнө кызыкдар.

"Быйылкы көчмөндөр оюндарынан кийин бизге бөлөк мамлекеттердин расмий өкүлдөрү "керек болсо кийинки көчмөндөр оюндарына силердин мыкты көк бөрүчүлөрүңөргө жарандык бергенге даярбыз" дешти. Эми ал мамлекеттерди атабай эле турайын. Бирок бир нече мамлекеттерде ошондой сунуштар бар. Мен ойлойм, көк бөрүнүн келечеги чоң. Биз аны 2-3 жылдын ичинде далилдеп бере алабыз", - деди Жунусалиев.

Ошондой эле маалымат жыйында Көк бөрү федерациясынын эксперти Рамис Кудайбергенов муну бышыктап, чет өлкөлөрдөн "буга макул болсоңор көк бөрү оюнуңарды башка деңгээлге алып чыгабыз" деген сунуштар айтылып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан