Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коррупцияга каршы күрөштү күчөткөн мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Тиешелүү документ коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
Ага ылайык, коррупция беренеси менен соттолгон жарандар өмүр бою мамлекеттик жана муниципиалдык кызматтарда иштей алышпайт. Ошондой эле мындай жаза коррупциялык же башка оор, өзгөчө оор кылмыштар үчүн күнөөлүү деп табылгандар, керек болсо кийин соттуулугу алынганына карабастан өздөрүнө жана жакын туугандарына дагы колдонулат. Мындан тышкары, документте коррупциялык берене менен кармалгандарга жаза катары айып пул салуу жагын алып салуу каралган. Мындан улам соттолгон адам күнөөсүн моюнуна алып, келтирилген чыгымды төлөп бергенден кийин дагы белгиленген жаза мөөнөтүнүн теңин өтөп бүтмөйүнчө абактан бошотулбайт.
"Кылмыштын ушул категориясы үчүн күнөөнүн шайкештигин белгилөө максатында айып пул салуу гана эмес, күнөлүү адамдарды реалдуу мөөнөткө чейин эркиндигинен ажыратуу менен белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан милдеттүү түрдө өмүр бою эркиндигинен ажыратуу боюнча Кылмыш-жаза кодексине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат", - деп айтылат мыйзам долбоорунун негиздемесинде.