Бишкек шаарынын 4 борбордук көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Ошентип, эки көчөнүн тротуары капиталдык оңдоодон өтүп, дагы 2 көчөнүн жолдо капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды.
Раззаков көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Баетов көчөсүнө чейин жана Баетов көчөсү Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Мындан тышкары, Фрунзе көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Шопоков көчөсүнө чейин жолдун түндүк тарабынан жана Шопоков көчөсүнөн Жумабек көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин жолдун батыш тарабынан тротуар капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, бардык иштер 2024-жылдын титулдук тизмесине ылайык жүргүзүлдү.