Бүгүн, 17-сентябрда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу өлкө башчынын администрациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы анда “Борбор Азия-Германия” мамлекет башчыларынын экинчи жолугушуусуна катышат.
Расмий делегациянын курамындагылар:
"Сапардын алкагында Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Германиянын ишкерлери менен жолугушуусуна катышат. Германиянын бизнес коомчулугу менен өзүнчө жолугушуу жана ГФРдин федералдык канцлери Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт", - деп айтылат маалыматта.