Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 854 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсынын 17-сентябрдагы маалыматында жазылат.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 3221 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 188 куб метрди түзүүдө.
Ал эми кечээ, 16-сентябрда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 842 миллион куб метрди түзгөн.