Түркия Казакстанда өткөн Көчмөндөр оюндары боюнча билдирүү жасады

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Казакстандын борбору Астана шаарында өткөрүлүшү бардык түрк өлкөлөрү жана элдери үчүн маанилүү. Бул тууралуу Azertag.az басылмасына Түркиянын салттуу күрөш федерациясынын өкүлү Мехмет Эмин Бай билдирди.

Анын айтымында, түрк тилдүү мамлекеттери үчүн бул иш-чара бири-бирин жакшыраак таанууга өбөлгө түзөт.

"Биз, бир тууган элдер, Азербайжанды кошпогондо мурда бири-бирибизди жакшы таануучу эмеспиз. Көчмөндөр оюндарынын аркасында Казакстан, Кыргызстан сыяктуу түрк өлкөлөрү менен жакындан тааныштык", - деген ал.

Белгилей кетсек, Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астана шаарында 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин болуп өттү. Ага спорттун 21 түрүнөн 90дой мамлекеттен 2,5 миңдей спортчу катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан