Бүгүн, 17-сентябрдан тарта 3 муниципалдык автобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөрдү. Бул тууралуу маалыматты Бишкек мэриясынан тастыкташты.
Ага ылайык, №102, 145, 169 автобустар жаңы схема боюнча убактылуу каттайт. Өзгөртүү Горький көчөсүн капиталдык оңдоого байланыштуу киргизилди.
"Бишкек шаарынын мэриясы учурдагы убактылуу кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт", - деп айтылат маалыматта.