Cadillac Escalade үлгүсүндөгү жол тандабас каршы тарапка чыгып кетип, адам өмүрүн алган кырсыкка себепкер болгон. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Жамбыл облусунун Жол кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ, 16-сентябрь күнү кечинде Батыш Европа-Батыш Кытай унаа жолунун 526-чакырымында жол кырсыгы катталган.
Милициянын маалыматы боюнча, Cadillac Escalade үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу ашып өтүп бара жатып, каршы тарапка чыгып, DAF жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.
"Кагылышуудан кийин эки унаа тең ошол замат күйүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен Газель үлгүсүндөгү унаанын 37 жаштагы айдоочусу, Cadillac Escalade унаасынын 30 жаштагы айдоочусу жана беш жүргүнчү, анын ичинде эки жашар бала окуя болгон жерде каза болгон", - деп айтылат маалыматта.