Кыргызстанда жүргүнчү жана жүк ташуунун талаптары менен белгиленген салмак-габариттик ченемдердин сакталышын камсыздоо максатында рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрда Транспорт министрлиги билдирди.
Маалымдалгандай, 9-сентябрда башталган текшерүүдө 14 миң 797 транспорт каражаты (анын ичинен 925и жүргүнчү ташуучу болсо, 13 872 жүк ташыган унаалар) текшерилди.
"Натыйжада тартип бузган айдоочуларга Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 229 протокол түзүлүп, 1 миллион 688 миң 500 сом айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат.