Айлык 2200 евро. Германия Өзбекстандын 800 медайымын жумушка чакырды

Коңшу Өзбекстан менен Германия 800 өзбек медайымын жумушка алуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу Өзбекстандын иш менен камсыз кылуу министри Бехзод Мусаев билдирди.

Министрдин айтымында, Германиянын медицина жана транспорт тармагы эмгек ресурстарына муктаж, ошондуктан кызыккандар үчүн Өзбекстанда немис тилин үйрөтүү курстары уюштурулат. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандар Германияга жөнөтүлөт.

"Бул ачык-айкын, уюшкан миграциялык процессти орнотуунун биринчи кадамы. Бүгүн биз Германиянын Deutsche Bahn темир жол компаниясы менен автобус жана темир жол айдоочуларын, ал эми Globogate менен бирге медайымдарды даярдоо боюнча макулдаштык. Быйыл Өзбекстандан 800дөн ашык медайым Германияга барат, алардын 400ү кетишкен, калгандары тил боюнча сынак тапшырууда. Алардын үйгө алып барган маянасы 2200 евродон кем эмес", - деди министр.

Ал макулдашуунун алкагында жеңилдетилген виза процедуралары да каралып, Германиядан келген көптөгөн иш берүүчүлөр менен мындай келишимдерге кол коюу пландалып жатканын дагы айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан