Бүгүн, 17-сентябрда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик органдарынын кызматкерлерине “Светтик принциптерди, абийир, дин тутуу эркиндиги жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу” аталышында эки күндүк окутууларды өткөрүүнү баштады.
Окутуулар мамлекеттик органдардын дараметин жана көндүмдөрүн чыңдоого, өз ара кызматташууну бекемдөөгө, радикалдуу жана экстремисттик идеологияларды жайылтуунун алдын алууга багытталган.
Аталган иш-чара 2021-2026-жылдарга карата диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында уюштурулуп жатат.
Мындай окутуулар өлкөнүн бардык облустарында өткөрүлөт.