Бишкектин көчөлөрүндөгү мыйзамсыз-көрнөк-жарнактар алынды

Бишкектин Свердлов районунда 78 мыйзамсыз көрнөк-жарнактар алынды. Бул тууралуу калаа мэриясы бүгүн, 18-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, Свердлов акимчилигинин адистери, жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы жана "Тазалык" ишканасы шаардын дизайн-кодуна туура келбеген 78 даана жарнамалык түзүлүштөгү баннерлерди алышты.

Ошондой эле 14 протокол түзүлүп, айып пул салынганы маалым болду.

Ал эми жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу жана стандарттарын сактоо боюнча иштерди улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан