Бүгүн, 18-сентябрда борбор калаадагы Жибек Жолу проспектисинин Сүйүнбаев көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Аламүдүн суусунун күн чыгыш тарабынан тарта Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түндүк тарабы капиталдык оңдоо жумуштарына жабылат. Бул туурасында мэриянынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, анын себеби шаарда жолду капиталдык оңдоо улантылып жаткандыгы менен түшүндүрүлөт.
Белгилей кетсек, Жибек Жолу проспектиси Тоголок Молдо көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейин капиталдык оңдоодон өтөт.