Орусиянын Москва шаарында «World Food Moscow» эл аралык азык-түлүк көргөзмөсүндө кыргыз азык-түлүктөрү чыгарылды. Иш-чарага Кыргызстандын экспортко багытталган 15 компаниясы катышып жатат.
Өлкөнүн Орусиядагы элчилигинин маалыматына таянсак, көргөзмө 17-сентябрда башталган, 20-сентябрга чейин созулат.
Анда кургатылган жемиштер, жаңгактар, компоттор, ширелер, томат продукциясы, чайлар, чөптөр, бал, салттуу суусундуктар жана башка азыктар коюлган.