Баткен облусунун аймагында бир нече ички жолдор оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Төмөнкү жолдор оңдолууда:
- Кызыл-Бел-Достук унаа жолунда асфальт төшөө жумуштары жүрүүдө, бүгүнкү күндө 5 чакырымы басылды.
- Айгүл-Таш-Согмент-Таян жолунда жер иштери жүрүп жатат. 1,7 чакырым жол жаңыдан сайдан чыгарылып, салынды. Ал эми 1,5 чакырым жеринде кеңейтүү жумуштары жүрүүдө.
- Бужум-Баткен-Исфара жолунун 3-чакырымында жер жумуштары жыйынтыкталып, асфальт төшөө иштери башталууда.
Ошондой эле Сох-Кан-Зардалы жолунун 12-чакырымында көпүрө куруу жумуштары жүрүүдө. Ушул эле жолдун Зардалы айылына түшкөн Кашка-Суу тилкесинде кооптуу бурулушту жардырып, жол ачуу иштери аткарылып жатат.
- Самат-Замборуч-Жаркыштак автоунаа жолуна асфальт төшөлүүдө.
- Раззаков айланма жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда.
- Үч-Коргон-Чаувай автоунаа жолунда асфальт төшөө үчүн негизин даярдоо, жолду кеңейтүү жумуштары уланууда.