Бишкекте 25-сентябрдан 6-октябрга чейин Жапония кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн элчилиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, көрсөтүүлөр тарых музейинин кинотеатрында эки күн көрсөтүлөт. Андан сырткары Бишкектеги үч университетте да көрсөтүлөт.
Аталган фестивалдын жүрүшүндө эң жаңы сегиз жапон тасмасы орус тилиндеги субтитрлери менен оригиналдуу тилде көрсөтүлөт. Бардык кинолорго кирүү акысыз.
Тасмалардын графиги:
Кыргыз улуттук университети - 25-сентябрь (саат 09:00; 14:00)
Кыргыз мамлекеттик университети - 28-сентябрь (саат 10:00)
Бишкек мамлекеттик университети - 30-сентябрь (саат 14:30)
Ал эми тарых музейинде, 5-6-октябрда коюлат.