Ысык-Көлгө 500 миң даана карп-сазан балыгынын чабактары коё берилди. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, инкубациялык цехте өстүрүлгөн карп-сазан балыгынын салмагы 25-35 грамм болгон 500 миң чабактары Түп районунун Николаев куймасына коё берилди.
"Учурда Айыл чарба министрлиги Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүндө балыктандыруу жана балык запастарын көбөйтүү максатында иш алып барууда", - деп айтылат маалыматта.