ИИМ кызматкерлеринин мамлекеттик тил күнүнѳ карата видеосу жарыяланды

Ички иштер министрлигинин Атайын багыттагы полкунун Баткен шаарында жайгашкан ѳзүнчѳ ротасындагы кызматкерлердин мамлекеттик тил күнүнѳ карата видеосу жарыяланды.

Министрликтин маалыматына ылайык, анда эне тилди ар бир кыргыз жараны билип, аны муундан муунга өткөрүп берүү парз экендиги айтылган.

Маалымат үчүн: Кыргыз ССР Жогорку Кеңеши 1989-жылдын 23-сентябрында "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзам кабыл алган. Мыйзамга ылайык, кыргыз тили мамлекеттик макам алып, анын өнүгүш жагдайы аныкталып, мамлекеттик мекемелерде колдонуу тартиби такталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан