Бишкекте таштанды таштоочу жайдан бөтөлкө, банка чогултууга тыюу салынат

Бишкекте таштанды таштоочу жайдан кайра иштетилүүчү материалдарды алуу мыйзамсыз. Бул тууралуу бүгүн, 18-сентябрда калаа мэриясы билдирди.

Андагы маалыматка караганда, мыйзамга ылайык, контейнердик аянтчалардагы таштандылар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналат.

Ошондой эле мэрия бул иш-аракеттер мыйзамды гана бузбастан, таштанды таштоочу жайдын айланасында башаламандык жаратып, шаардын көрүнүшүн бузарын айтты.

"Контейнер аянтчаларынан жана таштанды кабыл алуучу жайлардан экинчи материалдык ресурстарды (бөтөлкөлөрдү, банкаларды жана башка буюмдарды) чогултууга катуу тыюу салынат. Бул Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринде бекитилген", - деген калаа мэриясы.

Ага ылайык, жобону бузгандарга муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынары эскертилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан