Ысык-Көлдөгү Бостери айылында "Алтын кум" ("Золотые пески") эс алуу жайыдагы көл жээгинин 100 метрлик пляждык бөлүгү жеңил конструкциялардан тазаланууда. Бул туурасында мамлекеттик архитектурадан билдиришти.
Маалымдалгандай, салынган жайкы кафе, соода түйүндөрү демонтаждалды.
Бузуу иштери райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы жана Чолпон-Ата шаардык мэриясы менен биргеликте жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, аталаган иштер Садыр Жапаровдун “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамынын жана Министрлер кабинетинин атайын токтомунун негизинде ишке ашууда.