Бишкектеги Гоголь көчөсү убактылуу эки тараптуу болот. Бул тууралуу "Бишкекасфальтсервис" ишканасы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрь саат 16:00дөн тарта Сүйүмбаев көчөсүндөгү жолдо капиталдык оңдоо иштери аяктаганга чейин, Гоголь көчөсүнүн Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки тилкеси унаа кыймылы үчүн эки тараптуу болот.
Аталган ишкананын бригадасы кошумча жол белгилерин орнотуу иштерин жүргүзүүдө.
Учурда Сүйүмбаев көчөсүндө Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки тилкеде капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканы айтылды.