Чүй облусунун Сокулук районунда курулушу бүтө элек мектептин имараты мамлекеттин менчигине алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат Жыламыш айылындагы эки кабат делген 200 орундуу мектептин иштебей тургандыгын аныктап, текшерүүгө алган. Натыйжада имарат курулуп жаткан 20 гектар жер 1998-жылы жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткени такталган.
Көрүлгөн чаралардан улам сметалык баасы 376 миллион 339 миң сомду түзгөн объекти ээсинин өз ыктыяры менен мамлекеттин менчигине кайтарылган.