Өлкөгө 6,1 миӊ тонна жер семирткичтер ташылып келинди

Ушул жылдын 18-сентябрына карата республика боюнча 6,1 миӊ тонна фосфордук жана калийдик жер семирткичтер ташылып келинди. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинин маалыматында айтылат.

Ага ылайык, бул дыйкандарды жер семирткич менен камсыздоонун 22,6 пайызын түзөт.

Өлкө боюнча быйыл 200 миӊ гектар аянтка күздүк кылкандуу дан эгиндерин себүү пландалууда. Ал эми аны кошумча азыктандыруу үчүн жалпы 27,1 миӊ тонна фосфордук жана калийдик жер семирткичтер керектелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан