
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө 7 күжүрмөн эсеп тартылып, Куткаруу кызматтары тарабынан 3 чыгуу болду.
"Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көлдө 2 өрт кырсыгы катталды", - деп жазылат маалыматта.