Камчыбек Ташиев: "Кимдин колунда бийлик болсо, ошол коррупция менен алектенип калган" 

Кыргызстанда коррупция азайды, бирок толук жоюлбай жатат. Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ, 18-сентябрда Баткендин Кадамжай районунда УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имаратын ачуу иш-чарасында айтты.

Анын айтымында, коррупцияга каршы күрөшүү президент Садыр Жапаровдун негизги тапшырмаларынын бири.

"Коррупциялык элементтер негизинен мамлекеттик кызматкерлердин арасында. Кимдин колунда бийлик болсо ошол коррупция менен алектенип калган. Алар баягы эле жергиликтүү бийлик, прокуратура, укук коргоо кызматтары, сот жана башкалар. Ушулар боюнча президенттин тапшырмасынын негизинде иш алып барып жатабыз. Бирок азыркыга чейин аягына чыга албай жатабыз. Жадакалса биз өзүбүздүн айланабызды тазалап бүтө албай жатабыз. Ооба, коррупция кайсы бир деңгээлде азайды. Бирок токтобой жатат", - деди Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан