Кетмен-Төбө өрөөнүндө 19-сентябрга караган түнү очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан кабарланды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Тахталы тоолорунда, Көк-Бел айылынан 9 чакырым түштүк-чыгыш тарапта, Кетмен-Төбө айылынан 12 чакырым түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Көк-Бел, Кетмен-Төбө айылдарында 3 баллга чейин сезилди.