"Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, мыйзамды катаалдантабыз". Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ, 18-сентябрда Баткендин Кадамжай районунда УКМКнын бөлүмүнүн жаңы имаратын ачуу иш-чарасында айтты.
"Бийликтеги коррупционерлерди камайбыз, кайра эле чыгып кетишет. Демек, биз мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, катаалдантышыбыз керек. Паракор адамдарды эч качан экинчи жолу пара алууга мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Ошонун негизинде УКМК тарабынан мыйзамдарга өзгөртүүлөр даярдалды. Аларды кармайбыз, баары мыйзам чегинде каралат, иш сотко өткөндө сот аларды айып пулдун негизинде бошотуп коюп жатат. Алар 1-2 жылдан кийин эле кайра мамлекеттик кызматка келишүүдө. Ошол үчүн биздин кылган ишибиз аягына чыкпай жатат. Мындан ары кылмыш кылгандар күнөөсүн моюнуна алышса да, жок дегенде жасаган ишине жооп бериш үчүн жарымын түрмөдө өткөрүш керек", - деди Ташиев.