Парламентте Бекешев "Керемет Банктын" арзан сатылып жатканына түшүндүрмө талап кылды

Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев "Керемет Банк" аз суммага сатылып жатат деген маалыматка кызыкты.

Ал президенттин жана министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, бул боюнча түшүндүрмө берүүнү өтүндү.

"Массалык маалымат каражаттарынан "Керемет Банк" ААКсынын уставдык капиталынын 75 пайызы 10 миллион долларга сатылып жаткандыгы тууралуу окуп жатабыз. Бирок өкмөт аны 100 миллион долларга сатып алган. Бул жерде пайдасы эмнеде? Бизге маалымат бере аласызбы? Түшүнүксүз болуп жатат. Мисалы, сиз 10 миң долларга алган унааңызды миң долларга сатпайсыз да", - деди Бекешев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан