Ниязбеков: "Жакында өлкө аймактарына "Коопсуз шаар" тутумун жайылта баштайбыз"

Бүгүн, 19-сентябрда ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдарынын жетекчилерине онлайн кеңешме өткөрдү. Бул боюнча министрликтен кабарлашты.

Анда министр ИИМ жана анын аймактык бөлүктөрү өлкөнүн бардык аймагында "Коопсуз шаар" тутумун жайылтуунун үстүндө иштей баштаарын билдирди.

"Бүгүнтөн баштап Санариптик өнүктүрүү министрлигинен “Коопсуз шаар” тутумун өткөрүп алуу жумуштарын баштайбыз. Тутумду өткөрүп алуу жумуштары аяктагандан кийин аны республиканын бардык аймактарына жайылтуу процессине өтөбүз", - деди ИИМ башчысы.

Андан сырткары жер-жердеги ички иштер органдарынын жетекчилери “Коопсуз шаар” тутумуна кошулууга даяр болушун эскертти.

"Эгерде кайсы бир шаардык же райондук ички иштер бөлүмдөрү тарабынан Жарлыктын талаптары аткарылбай калса, анда жеринде катуу чечимдерди кабыл алабыз. Ошондуктан бүгүнтөн баштап тиешелүү ыкчам аракеттерди көрүңүздөр. Убакытты текке кетирбеңиздер", - дейт Ниязбеков.

Кеңешменин аягында ИИМ башчысы ички иштер органдарынын жетекчилерине берилген тапшырмаларды так аткарып, көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө аракеттерди көрүү керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан