
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында банктан жасалма акчаны алмаштырып кеткенге шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Баткен ОИИБден билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын ноябрь айларында белгисиз жаран Кызыл-Кыядагы банктардын биринен жасалма 7000 долларын алмаштырып, изин жашырып кеткен.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү Ош облусунун Ноокат районунун 28 жаштагы М.М. аттуу тургуну экендиги аныкталып, Бишкек шаарынан качып жүргөн жеринен кармалган.
Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.