Ташиев: "Бардык укук коргоо кызматкерлери түрмөгө жетпей, айып пулун төлөп, кутулуп кетип жатышат"

"Таза кызмат кылууга эркиң жетпесе, анда мамлекеттик кызматта иштебей эле кой". Бул тууралуу УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кечээ, 18-сентябрда Баткендин Кадамжай районунда УКМКнын бөлүмдөрүнүн жаңы имаратын ачуу иш-чарасында айтты.

Анын айтымында, коррупционер - бул мамлекеттин биринчи душманы болуп саналат.

"Мамлекетке келген ар бир адам ойлонуп иш кылыш керек. Эгерде сен сот, прокуратура, укук коргоо кызматкерлери болсоң, анда сен бир гана мамлекетке таза кызматыңды кылышың керек. Чөнтөгүң үчүн же сени коррупцияга түрткөн адамдар үчүн иштебешиң керек. Эгерде таза кызмат кылуу үчүн сенин эркиң, мүмкүнчүлүгүң, билимиң же психологиялык жактан даяр эмес болсоң анда мамлекеттик кызматта иштебей эле кой. Мына акыркы жылдарда биз ондон ашык сот кызматкерлерин кармадык. Алардын баары коррупция, пара менен кармалышты. Бирок ошолордун бирөөсү да түрмөгө жеткен жок. Ошондой эле прокуратура, УКМК кызматкерлерин да түрмөгө жөнөтө алган жокпуз. Анткени алардын баары баягы эле тергөөнүн негизинде күнөөлөрүн моюнуна алышып, айып пулдарын төлөп, кутулуп кетип жатышат", - деди УКМК жетекчиси.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан