Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 20-сентябрда Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Калган аймактарда күн ачык болот.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9 ... +14, күндүз +23 ... +28;
Таласта түнкүсүн +6 ... +11, күндүз +20 ... +25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15 ... +17, күндүз +28 ... +30;
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +7 ... +12, күндүз +20 ... +25;
Нарын облусунда түнкүсүн +4 ... +9, күндүз +19 ... +24.
Бишкек шаарында түнкүсүн +11 ... +13, күндүз +26 ... +28 градус жылуу болот.