Өлкөнүн кармашып урушуу боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында өткөн Азия чемпиондугунда жалпы 9 медаль жеңип алышты.
Мелдеш 13-14-сентябрь күндөрү өтүп, ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Монголия, Иран, Пакистан, Таиланд, Ооганстан, Түштүк Корея, Жапония, Ливан, Кытай, Непал жана Сириянын спортчулары катышты.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, кыз-келиндер арасында 58 килограмм салмакта Бактыгүл Курманбекова алтын медалга ээ болду.
Ал эми эркектер арасында Автандил Жоомарт уулу (57 килограмм) жана Токтосун Бегматов (73 килограмм) күмүш медаль тагынышты. Айтегин Рустам уулу (57 килограмм), Бектурсун Махмуд уулу (73 килограмм), Актан Боомбеков, Бекжан Мукашев (88 килограмм), Сыймык Көчкөнбаев (97 килограмм) жана Азиреткул Туйчиев (+97 килограмм) коло медалдарга ээ болушту.
Курама команда башкы машыктыруучу Шамурат Байзаков жана улук машыктыруучу Урмат Токтоналиевдин жетекчилиги астында мелдешке катышты.