Бишкекте типография кызматкерлери кармалды

"Учкун" ААК мамлекеттик полиграфиялык борборунун эки кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМК бүгүн, 19-сентябрда кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, цехтин жумушчулары Т.у.М. жана М.у.Б., жеке материалдык пайда табуу максатында эрежеге каршы, административдик укук бузуулар жөнүндө протоколдордун дубликаттарын даярдашкан.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштер улантылып, көмөк көрсөткөн башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 16-сентябрында бул иш боюнча Бишкек ШИИББинин патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери да кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан